7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

1 млн. сомдук дарыларды аткезчилик менен алып келген жаран кармалды

481

Ош шаарынын аймагында Россиядан Кыргызстанга аткезчилик жол менен дары-дармектерди алып келип, Өзбекстанга кайра жөнөтүп сатып жаткан фактылар аныкталды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айыл аймагындагы үйлөрдүн биринде жашаган жарандын турак-үйүндө тинтүү жүргүзүлүп, 4000 даана ампицилин, 3640 даана эланалаприлл, 100 даана семакс дарысы жана 300 даана Рензилбензат мазы алынды.

Ошондой эле, дагы бир жарандын үйүнө тинтүү жүргүзүлүп, 21 коробка мукалтин, 12 коробка футканазол, 20 коробка карбомазепин жана башка дарылар табылган.

Аткезчилик менен алынган дары-дармектеридин жалпы баасы бир миллион сомду түздү. Тергөөнүн жүрүшүндө аталган дарылардын ээси Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматына жеткирилди.

Учурда тийиштүү экспертизалар дайындалып, шектүүлөрдүн байланыштары жана дарылардын ташылып келген жолдорун аныктоо боюнча иштер улантылуда.

482