7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

1 млн сомдук зыян. Токмок шаарында мыйзамсыз майнинг-ферма аныкталды

706

Токмок шаарынын аймагынан мыйзамсыз майнинг-ферма аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, «автотранспорт айдоочулар союзунун Токмок шаардык Совети» коомдук бирикмесинин гараждык кооперативинде, Чүй облусунун Токмок шаарындагы Шамшинская көчөсүндө жайгашкан майнинг-ферманын мыйзамсыз түрдө криптовалютаны ишин жүргүзгөндүгү аныкталган.

Комиссиялык текшерүүнүн жүрүшүндө, Токмок шаардык салык кызматынын, Райондук электро станциясынын кызматкерлеринин жана КР жараны 1988-жылы туулган Д.Т.А. катышуусунда гараждардын ичинде жайгашкан жер төлөөлөрдөн «S9» жана «L3» маркасындагы 24 даана криптовалюта жабдуулары табылып алынды. Ошол эле учурда бул жабдуулар электр эсептегичтерин айланып өтүп, Токмок электр бөлүштүрүүчү зонанын тармагына түз кошулган.

Электр энергиясын пайдалануу мөөнөтүнүн негизинде мамлекетке алдын ала 1 миллион сомго жакын зыян келтирилген.

Учурда тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

707