7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

1-сентябрдан тарта мектеп директорлору менен анын орун басарларынын айлыгы көбөйөт

845

1-сентябрдан тарта мектеп директорлору менен анын орун басарларынын айлыгы көбөйөт. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 1-сентябрдан тарта Ысык-Көл облуснун айылдарынын бириндеги 100-600 окуучу билим алган мектептин 13 жылдан ашык эмгек стажы бар директору мурда 19 миң 143 сом айлык акы алса, эми 28 миң 715 сом маяна алат. Ал эми 13 жылдан ашык стажысы бар бул мектептин директорунун орун басары 1-сентябрдан баштап айлык акы жогорулатылганга чейин 17 миң 413 сом алса, мындан ары 26 миң 120 сом маяна алат.

Өзгөн районундагы 1800дөн ашык окуучусу бар айылдык мектептин биринде 15 жылдан ашык эмгектенген мекептин директору айлык жогорулатылганга чейин 23 миң 731 сом алса, эми 35 миң 597 сом маяна акы алат. Ал эми 15 жылдан ашык стажы бар бул мектептин директорунун орун басары 1-сентябрдан тарта мурда төлөнүп келген 21 миң 360 сомдун ордуна 32 миң 40 сом маяна акы алмакчы.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

846