10-августка карата коронавирустан 6 бейтап каза болуп, 995 адам илдеттен сакайып чыкты. Өлкө боюнча жалпы 471 адамдан жаңы жуктурган учур аныкталган. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.
Маалыматка ылайык,
- Бишкек шаарында – 212,
- Ош шаарында – 7,
- Чүй облусунда – 110,
- Ош облусунда – 5,
- Талас облусунда – 14,
- Нарын облусунда – 4,
- Ысык-Көл облусунда – 38,
- Жалал-Абад облусунда – 60,
- Баткен облусунда – 21 адамдан илдет табылган.
Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 2 миң 609 бейтап, амбулатордук түрдө 4 миң 481 адам дарыланууда.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 169 миң 971 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 159 миң 280 киши айыгып чыкса, 2 миң 413 адам каза болду.