7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

10 миң кыргызстандыкка 19 дарыгер туура келет. Медиктер күнүнө карата статистика

673

Жыл сайын июль айынын биринчи жекшембисинде республиканын медициналык уюмдарынын кызматкерлери Медицина кызматкерлеринин күнүн белгилешет.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, 2022-жылы калкка медициналык жардамды 180 оорукана уюмдары, баштапкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүүчү 52уюм, эки медициналык тез (ыкчам) жардам көрсөтүү боюнча өз алдынча станциялар жана 1 067 фельдшердик-акушердик пункттар көрсөтүштү. Аймактык ооруканалардын жана үй-бүлөлүк медицина борборлорунун 17 жалпы медициналык практика борбору иштеген, ал эми анын ичинде 151 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу иштеди.

2022-жылы калкка медициналык-санитардык жардамды 13 миңден ашык дарыгерлер жана 34 миңден ашык медайымдар көрсөтүшкөн. Республиканын 10 миң калкына 19 дарыгер жана 49 медайым туура келген.

2022-жылы дарыгерлердин арасындагы кеңири жайылган кесиптик адистер болуп, терапевттик (4 миң адам) жана хирургиялык (2,1 миң) профиль боюнча, стоматологдор (тиш дарыгери) (1,1 миң), акушер-гинекологдор (1 миң) жана педиатрия профилиндеги дарыгерлер (900дөн ашык адам) болгон.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

674