7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Кореядагы Кыргызстандын элчилигине барды

9

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 17-сентябрда, Корея Республикасына расмий сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын элчилигине барып, Сеул шаарындагы дипломатиялык өкүлчүлүктүн ишмердүүлүгү менен таанышты.

Кыргызстандын Кореядагы дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн маанилүү тарыхы бар: 2006-жылы Сеул шаарында консулдук ачылып, 2008-жылы элчилик болуп кайра түзүлгөн. Көп жылдар бою дипломатиялык өкүлчүлүк имаратты ижарага алууга аргасыз болгон. Ижара акысына кеткен ай сайынкы чыгымдар мамлекеттик бюджетке олуттуу жүк жаратып келген.

Кырдаал 2025-жылдын апрель айында өзгөрдү. Ошол учурда Сеул шаарынын борборунан — өлкөнүн негизги административдик жана мамлекеттик мекемелерине жакын жерден — Кыргызстандын дипломатиялык өкүлчүлүгү үчүн өзүнүн имараты сатылып алынган.

Элчиликтин жамааты менен болгон баарлашууда Президент Садыр Жапаров ижарадагы имараттан өзүнүн жеке менчигиндеги имаратка көчүү бюджеттик каражаттарды олуттуу үнөмдөөгө гана эмес, жарандарды кабыл алуу, кызмат көрсөтүү жана Кыргыз Республикасы менен Корея Республикасынын ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты чыңдоо үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө мүмкүндүк бергенин баса белгиледи. Ал бюджеттик чыгымдарды оптималдаштыруунун мындай ыкмасын – чет өлкөлөрдөн менчикке имараттарды сатып алуу аркылуу чыгымдарды үнөмдөөнү – өлкөнүн башка дипломатиялык өкүлчүлүктөрүндө да активдүү колдонуу зарылдыгына токтолду.

Мамлекет башчысы иш бөлмөлөрүн, консулдук бөлүмдү жана сүйлөшүүлөрдү өткөрүү залдарын көрүп чыгып, Кореянын борборунан менчикке имарат сатып алуу Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматынын чет өлкөлөрдөгү статусун жана ишинин натыйжалуулугун жогорулатуудагы маанилүү кадам экенин айтты.

Андан соң Президент Садыр Жапаров дипломатиялык өкүлчүлүктүн жамааты менен эстеликке сүрөткө түштү.

10