7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстандын делегациясы Азия оюндарына расмий тааныштырылды

136

Бүгүн, 17-сентябрда Япониянын Нагоя шаарындагы Nagoya Port Garden Pier аймагында XX Азия оюндарына катыша турган делегацияларды расмий тосуп алуу аземи өттү. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.

Иш-чара «Aichi-Nagoya 2026» Азия оюндарынын алкагында уюштурулган. Анын жүрүшүндө Кыргызстандын делегациясы расмий тааныштырылып, өлкөнүн мамлекеттик желеги көтөрүлдү.

Ошондой эле делегациянын өкүлдөрүнө уюштуруучулар тарабынан эстелик белектер тапшырылды.

Белгилей кетсек, XX Азия оюндарынын ачылыш аземи 19-сентябрда Япониянын Айти-Нагоя аймагында өтөт.

137