7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кеминдеги билим берүү бөлүмүндө бюджеттик каражаттарды уурдоо боюнча схема аныкталды

513

Кемин райондук билим берүү бөлүмүндө бюджеттик каражаттарды чыгарып алуу жана уурдоо боюнча туруктуу схема аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2016-жылдан тартып азыркы убакытка чейин Чүй облусунун Кемин районунун билим берүү бөлүмүндө бюджеттик каражаттарды алып коюу жана уурдоо боюнча стабилдүү схема түзүлгөн. Мекеменин жооптуу кызматкерлери, ошол эле орто мектептин мугалимдердин атынан аларга айтпастан “Бай тушум”, “РСК” банктарынан электрондук эсеп ачып, ар кандай операциаларды жүргүзүп келишкен.

Аталган банктарда эсептешүү эсептери бар экенин, ошондой эле бул эсептердеги ири суммадагы акча каражатын чыгарып кеткендигин билбеген мектеп мугалимдери аныкталган.

Банкоматтардын эсептеринен акча каражаттары башкы эсепчи «Д.М.», ошондой эле эсептешүү бухгалтери «К.Э.» тарабынан чыгарылган.

Келтирилген зыянды аныктоо үчүн текшерүү жүргүзүү дайындалып, алдын ала жыйынтыктар боюнча аныкталган зыян 10 млн сомду түзгөн.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголуп, тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

514