7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

УКМКнын Тогуз-Торо райондук бөлүмчөсүнө жаңы имарат курулду (ФОТО)

641

Бүгүн, 17-январда, УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча Башкы башкармалыгынын Тогуз-Торо райондук бөлүмчөсү жаңы имаратка көчтү.

Эми аталган бөлүмдүн кызматкерлери заманбап жабдуулар менен камсыз болгон, жумуш үчүн зарыл болгон бардык шарттары бар жаңы имаратта кызматтык милдеттерин аткарып баштады.

Имараттын ачылуу аземине КРнын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары — УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, атайын кызматтын жергиликтүү башкармалыгынын жетекчилик курамы жана өздүк курамы, УКМК ардагерлери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.

Камчыбек Ташиев кызматкерлерге жаңы имаратты тапшырып жатып, алардын кызматтык милдеттерин так аткарууга тийиш экендигин эскертти.

Мындан ары дагы мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылуу үчүн зарыл болгон шарттарды жакшыртуу, заман талабына шайкеш келтирүү жумуштары уланаарын кошумчалады.

Ачылуу аземинен соң, Камчыбек Ташиев Тогуз-Торо районунун жашоочулары менен да жолугушту. Аксакалдар менен пикир алмашып, кызыктырган суроолорго жооп берди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

642