7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

№100 кесиптик лицейинде күн панелдерин орнотуучу адистер экзамен тапшырды

176

№100 кесиптик лицейинде «Күн панелдерин орнотуучу жана монтаждоочу» кесиби боюнча үч айлык кыска мөөнөттүү окуу программасын аяктаган угуучулар жыйынтыктоочу квалификациялык экзамен тапшырышты.

Агартуу министрлигинин маалыматына ылайык, экзамендин жүрүшүндө бүтүрүүчүлөр күн фотоэлектрдик панелдерин орнотуу, электрдик туташтырууларды жүргүзүү, жабдууларды тестирлөө жана техникалык коопсуздук эрежелерин сактоо боюнча теориялык билимдерин жана практикалык көндүмдөрүн көрсөтүштү.

Белгиленгендей, окуу программасына энергетика тармагында, анын ичинде гидроэлектр станцияларында эмгектенип жаткан адистер да катышты. Бул кайра жаралуучу энергия булактары боюнча квалификацияны жогорулатууга кызыгуу күчөп жатканын көрсөтөт.

Министрликтин маалыматына караганда, күн энергетикасы өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун чыңдоодо жана жашыл экономиканы өнүктүрүүдө артыкчылыктуу багыттардын бири болуп саналат.

Ушуга байланыштуу №100 кесиптик лицейи эмгек рыногунун талаптарына жооп берген адистерди даярдоону улантып, теориялык билимди практикалык окутуу менен айкалыштырган заманбап билим берүү программаларын ишке ашырууда.

177