7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Дамир Осмонов БУУ өкүлдөрү менен жол кыймылынын коопсуздугун талкуулады

200

Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов БУУнун Башкы катчысынын жол кыймылынын коопсуздугу боюнча атайын өкүлү Жан Тодт баштаган делегация менен жолугушту.

Министрликтин маалыматына ылайык, жолугушууга Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) жана БУУнун Европа экономикалык комиссиясынын өкүлдөрү да катышты.

Жолугушууда Дамир Осмонов жол-транспорт кырсыктары Кыргызстандагы эң олуттуу медициналык жана социалдык көйгөйлөрдүн бири бойдон калып жатканын белгиледи. Анын айтымында, жыл сайын миңдеген жарандар жол кырсыктарынан жабыркап, айрыкча эки дөңгөлөктүү транспорт каражаттарын айдагандардын арасында жаракат алуу учурлары көбөйүүдө.

Өз кезегинде Жан Тодт жол кырсыктарынан каза болгондордун санын азайтуу үчүн БУУ тарабынан ишке ашырылып жаткан глобалдык демилгелер тууралуу айтып берди. Алардын катарында жаңы муундагы жеткиликтүү мотошлемдерди колдонуу, ылдамдыкты чектөө жана мас абалында унаа башкарууга каршы өнөктүктөр бар.

Мындан тышкары, жолугушууда үстүбүздөгү жылдын 20-21-июлунда АКШда өтө турган БУУнун Жол кыймылынын коопсуздугу боюнча глобалдык конференциясына даярдык маселеси талкууланды. Министр Дамир Осмонов аталган иш-чарага катышууга даяр экенин билдирди.

Жыйынтыгында тараптар жолдордогу өлүмдөрдү жана жаракаттарды азайтуу, ведомстволор аралык кызматташууну күчөтүү жана бул багыттагы улуттук программаларды өнүктүрүү боюнча биргелешкен ишти улантууну макулдашышты.

201