Бүгүн, 5-январь күнү Баткен облусунун Кадамжай районунда 100 жаштагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Шамши Эшбаев акыркы сапарга узатылды. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.
Ардагерди акыркы сапарга узатуу зыйнатына президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаныбек Исаков, Кадамжай районунун акими Кутпидин Шакиров, мекеме ишканалардын жетекчилери жана аскер кызматкерлери ошондой эле ардагердин жакындары катышты.
Узатуу зыйнатында облус башчысынын орун басары, Шамши Эшбаевдин Мекен үчүн жасаган эмгектерин эскерип анын эрдиктери эч качан унутулбай тургандыгы тууралуу айтып өттү.
Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Шамши Эшбаев 1941-жылы аскерге чакырылып, 1942-жылы Воронеж шаарында согуш майданына кирип, Украинанын борбору Киевди, Белоруссиянын борбору Минскти, Румыниянын борбору Бухарестти, Венгриянын борбору Будапештти жана Венаны, Праганы душмандардан бошотууга катышкан.
Согуштун катышуучусу Курский дугадагы салгылашта 80 жоокердин арасынан аман калган үч жоокердин бири болгон.