Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы үйлөрдүн биринен өрт чыгып, 13 адам эвакуацияланды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка ылайык, Караколдогу Коенкозов көчөсүндө жайгашкан турак үйдүн электр калканычынан өрт чыгып, куткаруучулар анда жашагандарды терезе аркылуу алып чыгышкан.
Жерине Каракол шаардык №15 ӨКБдан 1 бөлүм тартылып, өрт толук өчүрүлгөн.
Тилсиз жоодон жабыркагандар жок. Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталууда.