7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Тургундан жер тилкесин тартып алууну көздөгөн УКТ мүчөсү кармалды

507

Ысык-Көлдө опузалап талап кылгандыгы үчүн УКТнын мүчөсү кармалды.

Облустук милициядан кабарлашкандай, Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгына 45 жаштагы жергиликтүү тургун арыз менен кайрылган. Анда, белгисиз жаран коркутуу жолу менен Бостери айылында жайгашкан жер тилкесин башка адамга жазып берүүсүн талап кылып жаткандыгын билдирген.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин («Опузалап талап кылуу») менен кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иштеринин натыйжасында кылмышка шектүү жарандын өздүгү аныкталган. Ал Бостери айылынын 36 жаштагы тургуну, ИИМдин каттоосунда уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү катары турган О.А. болуп чыкты.

Шектүү жаран соттун чечими менен баш коргоо чарасы кабыл алынганча Каракол шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда тергөө амалдары уланууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

508