Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев суррогат энеликти жарнамалоого тыюу салууну сунуштайт. Бул тууралуу ал Telegram каналында билдирди.
“Иран, Кытай жарандары келип, Кыргызстанда акчага муктаж аялдарды суррогат эне болууга үндөшөт. Анан аларды Кипр, Грузияга алып чыгып кетет. Ал жакта кокус боюнан түшүп калса, эч нерсе төлөп беришпейт”, — дейт Бекешев.
Ага ылайык, Кыргызстанда катталбаган клиникаларга суррогат энелерди издөөгө бөгөт коюу керек. Депутаттын демилгеси кыргызстандык аялдардын укугун коргоого багытталат.
Депутат демилгесин «Коомдук саламаттык жөнүндө» мыйзам долбооруна сунуштайт. Аталган мыйзам долбоор бүгүн парламентте экинчи окууда каралат.