Аркадаг шаарында 14-15-октябрь күндөрү “Аркадаг таңы” эл аралык кинофестивалы өттү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Ага Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстан, Орусия, Түркия, Франция жана Түркмөнстандын актёрлору, режиссерлору, продюсерлери, кино жана театр жылдыздары, кинорежиссерлор катышты.
Белгилүү актёрлор Бурак Өзчивит, Мехмет Боздаг, Эдуард Монтут өзүлөрүнүн тажрыйбалары менен бөлүшүп, жаш актёрлорго кеңештерин беришти.
15-октябрда эл аралык кинофестивалдын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи болду. Анда 2-орунду Кыргызстан алып, аны Бурак Өзчивит жарыялады.
1-орун -Түркия- «Kağıta yazılan kader»тасмасы
2-орун – Кыргызстан – «Gelin heýkeli» тасмасы
3-орун – Казакстан – «Sary ömür» тасмасы алды.
Посмотреть эту публикацию в Instagram