Кечээ, 15-октябрда Чүй айылында жергиликтүү тургун өзүнө күйүүчү суюктук чачып, өзүн өрттөп жиберген. Натыйжада ал күйүк алып, ооруканага жаткырылган. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Аталган факты Чүй РИИБге катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Учурда анын жүрүм-турумунун себептери текшерилүүдө.
Айрым ЖМКлар келин мас абалда болгонун жазышууда.