7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
2425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

11 айда Кыргызстан менен Беларустун ортосундагы товар жүгүртүү 84,1 млн $ түздү

136

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Беларустун рремьер-министри Роман Головченко менен жолугушту.

Министрлер кабинетинен билдиришкендей, жолугушуу Алматы шаарында Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин кезектеги жыйынынын алкагында өттү.

Минкаб башчысы Кыргызстан жана Беларусь элдеринин ортосунда жалпы тарыхый эс тутумга жана өз ара колдоого умтулууга негизделген достук мамилелер калыптанганын белгиледи. Ал Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун атынан Беларусь президенти Александр Лукашенконун дарегине куттуктоо сөздөрүн жана жакшы каалоолорун айтты.

«Биз дээрлик бардык тармактарда кызматташабыз, товар жүгүртүү өсүп жатат. Өткөн жылдын 11 айынын жыйынтыгы боюнча товар жүгүртүүнүн көлөмү 84,1 млн АКШ долларын түзгөн. Ошого карабастан, бизде соода, өнөр жай кооперациясы, Айыл чарба жана транспорттук-логистикалык тармактарда ишке ашырылбаган потенциал бар. Бул багытта биз конкреттүү эки тараптуу долбоорлорду ишке ашыра алабыз деп ишенем», — деди ал.

Өз кезегинде Беларусь премьер-министри Роман Головченко ар кыл тармактардагы кызматташтыкты мындан ары чыңдоого даяр экендигин белгилеп, минкаб башчысы Адылбек Касымалиевди Беларуска расмий сапар менен келип кетүүгө чакырды. Ал Кыргызстан Беларустун соода-экономикалык чөйрөдөгү ишенимдүү жана маанилүү өнөктөшү болуп саналарын баса белгилеп, биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууда жакшы динамика байкалып жатканын кошумчалады.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-беларус кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, анын ичинде соода-экономикалык байланыштарды, инвестициялык өнөктөштүктү жана өнөр жай кооперациясын өнүктүрүүнү талкуулашты.

Өзгөчө көңүл айыл чарба секторундагы, машина куруудагы өз ара аракеттенүүгө, ошондой эле гуманитардык чөйрөдөгү байланыштарды чыңдоого бурулду.

Тараптар ошондой эле өз ара товар жүгүртүүнүн көлөмүн жакынкы беш жылда 500 млн долларга жеткирүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.

137