7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстандын 60тан ашык айыл чарба продукциясы 80ге жакын өлкөгө экспорттолууда

318

Кыргызстандын 60тан ашык айыл чарба продукциясы 80ге жакын өлкөгө экспорттолууда. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев “Агродиалог-2025” форумунун жүрүшүндө айтты.

Белгилей кетсек, 28-январда тарта Бишкектеги өтүп жаткан форумдун максаты Кыргызстандын агрардык тармагын жаңы деңгээлге чыгарууга, заманбап технологияларды ишке ашырууга жана тажрыйба алмашуу менен жаңы жетишкендиктерди камсыз кылууга багытталган.

Ошондой эле Бакыт Төрөбаев айыл чарба тармагындагы жетишкендиктер, жаңылануулар дыйкан-фермерлердин, жеке ишкерлердин, агроөнөр жай багытындагы ийгилик жаратып жаткан чемпиондордун талыкпаган эмгегинин натыйжасында ишке ашып жатканын баса белгиледи.

“2024-жылы айыл чарбасынын жалпы дүң продукциясын өндүрүү көлөмү 395 млрд 637 млн сомду түзүп, бул 2023-жылга салыштырмалуу 6,3 пайызга өскөн. Өсүш мал чарбанын 3,1 %, ошондой эле өсүмдүк өстүрүү продукциясын 10,3%га көп өндүрүүнүн эсебинен камсыздалган.

Ал эми кайра иштетүү өнөр жай тармагында 87 млрд 358 млн сомдук продукция иштетилип, физикалык көлөмдүн индекси (өсүү темпи) 120,1 % түзгөн. Продукцияны экспорттоо 34 млрд 171 млн сомду түзүп, былтыркы жылдын деңгээлиндеги көрсөткүч камсыз болгон. Өлкөбүздүн 60тан ашуун айыл чарба продукциялары дүйнөнүн 80ге жакын өлкөлөрүнө экспорттолуп жатат”, — деген Бакыт Төрөбаев мындай жакшы көрсөткүчкө жетүүдө дыйкан-фермерлердин ролу чоң экендигин белгиледи.

319