Бүгүн, 11-февралда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан жаай турганын Кыргызгидромет кызматы билдирди.
Ага ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы төмөндөгүдөй болот:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +1… +6, күндүз +5… +10;
Талас жергесинде түнкүсүн 0… +2, күндүз +6… +8;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +2… +4, күндүз +10… +12;
Нарын аймагында түнкүсүн −11… −13, күндүз −1.. −3;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн −1… −2, күндүз +6… +8;
Бишкек шаарында түнкүсүн +4… +6, күндүз +8… +10 градус.



