7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Конституциялык соттун төрагасы кызмат абалынан пайдаланган деп айыпталууда

562

КРнын Конституциялык сотунун төрагасы жана башка кызмат адамдары тарабынан кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын одоно бузуу фактылары аныкталды.

Тактап айтканда, Конституциялык сотунун төрагасы жана башка жетекчи кызмат адамдары өздөрүнүн кызматтык ыйгарым укуктарын мамлекеттин кызыкчылыгына каршы пайдаланып, Конституциялык соттун судьяларынын чет өлкөлүк иш сапарларына арналган чакыруу каттарын жашырып, аларды өздөрүнүн жеке кызыкчылыгына, ошондой эле чет өлкөлүк сапарларга жакын туугандарын чыгаруу максаттарына пайдаланышкан.

Бул фактылар боюнча УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүгүндө (“Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу”) каралган кылмыштардын белгилери боюнча кылмыш иши козголду, б.а. өзү же болбосо башка адамдар үчүн пайда көрүү жана артыкчылык алуу максатында же башка жеке кызыкчылыктар үчүн жасалган жосун.

563