7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кызганычтан улам таанышынын жаагын сындыра сабаган жаран кармалды

860

Бишкекте бейбаштыкка шектелип 23 жаштагы эркек киши кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 9-февралында Октябрь райондук ички иштер башкармалыгына А.А., аттуу жаран «Т» аттуу чала тааныш жигитке чара көрүүнү суранып кайрылган.

Анын айтымында, окуя Бишкек шаарындагы Анкара көчөсүндө болгон. «Т» аттуу жаран аны кызганычтан улам дүкөндүн жанында турган жеринен «коомдук тартипти жана жалпы кабыл алынган жүрүм-турум нормаларын одоно бузуп» сабаган. Жабырлануучу эки тараптуу жаак сыныгы диагнозу менен медициналык жардамга кайрылган.
Бул факт Октябрь РИИБнин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 266-беренеси «Бейбаштык» боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

«Тергөө-издөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда Октябрь РИИБдин кызматкерлери тарабынан бейбаштыкка шектелип 1998-жылы туулган К.Т. кармалды. Ал тергөө кызматына жеткирилип, андан соң Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Ага Октябрь райондук соту соту тарабынан эки айлык мөөнөткө үй камагына алуу түрүндө баш коргоо чарасын колдонду», — деп берилет маалыматта.

861