Маалыматка караганда, 2021-жылдын 12-мартында болжол менен саат 19:27 чамасында Бишкек ШИИББнын “102” кызматына Токтогул жана К.Акиев көчөлөрүнүн кесилишинен велосипед уурдап жатат деген маалымат келип түшкөн.

Айтылган дарекке ошол замат Бишкек ШИИББгы боюнча милициянын кайгуул кызматкерлери келип, маалыматты тактаганда 1982-жылы туулган У.Ж. аттуу жаран Т.Т. аттуу жарандын баасы 19 000 сом турган велосипедин турган жеринен байланган тросун кесип уурдап кетип, бирок ээси тарабынан колга түшкөндүгү белгилүү болгон.
Бул факты боюнча кылмышка шектүү жаранды Ленин райондук ИИБнын Тергөө кызматына өткөрүп беришкен.

Азыркы учурда бул окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды.