7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

15 жаштагы кыз 40 жаштагы киши менен жыныстык катнашта болгон деген окуя боюнча Чүй ОИИББи билдирүү таратты

3027

15 жаштагы кыз 40 жаштагы киши менен жыныстык катнашта болгон деген окуя боюнча жабырлануучу тарап ишти кыскартуу боюнча тосмо арыз жазды.  Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти. Милициянын маалыматына ылайык, 2020-жылдын декабрь айында Сокулук районунун тургуну жергиликтүү ички иштер бөлүмүнө 16 жаштагы кызы Т. аттуу киши менен жыныстык катнашта болгонун айтып кайрылган.

Арыз Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 164-беренеси (“Он алты жашка жете элек адам менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттер”) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери жүргүзүлгөн.

Милиция арызда көрсөтүлгөн киши Ош облусунун 40 жаштагы Б.Т. аттуу тургуну экенин аныктаган.

“Тергөө кызматы тарабынан сотко чейинки өндүрүш иштери жүргүзүлүп, окуяны ар тараптуу териштирүү үчүн Б.Т. жана жабырлануу кыз суралып, Б.Т. аттуу жаран бул окуяга катыштыгы жок экендигин билдирген. Сотко чейинки өндүрүш иштеринин алкагында зарыл болгон экспертизалар дайындалган», — деп айтылат милициянын билдирүүсүндө. Милиция териштирүүнүн жыйынтыгы менен жабырлануучу Сокулук районунун прокуратурасына тосмо арыз жазганын кабарлады.

 

3028