Бүгүн, 13-март күнү түнкү саат 02:00дөр чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 416-чакырымына таш кулап, унаа жолго убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министрлигинен кабарлашты.
«Кара-Көл шаары аркылуу өткөн Бишкек-Ош унаа жолунун 416 чакырымында эки жерге чоң көлөмдүү таш түшкөндүгүнө байланыштуу азыркы учурда унаа жолго убактылуу чектөө киргизилди. Таштын көлөмү чоң болгондуктан азырынча алына элек», — деп билдиришти министрликтен.
Азыркы учурда жолду тазалоо иштери уланып жатат.