7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жалал-Абад милициясы окуучулар арасындагы спорттук иш-чараларды уюштурууда

820

Жалал-Абад облусунун аймагында өспүрүмдөр арасындагы ынтымакты бекемдөө, кылмыштуулуктун алдын алуу максатында милиция кызматкерлери бир топ спорттук иш-чараларды уюштуруп келишүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.

Сузак райондук ички иштер бөлүмү тарабынан демилгеленип, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана жеке демөөрчүлөр колдоого алган спорттук мелдештер айыл аймактарда графиктин негизинде өткөрүлүүдө. Бул жолку спорттук таймаш Атабеков айыл аймагындагы мектеп окуучулары арасында №38 Д.Жунусов орто мектебинде болуп өттү. Уландар жана кыздар волейбол жана шахматтан күч сынашышты.

Өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун алдын алууга багытталган спорттук иш-чара Базар-Коргон РИИБдин кызматкерлери тарабынан Арстанбап айыл аймагында өткөрүлдү. Спорттун алыш күрөшүнөн уюштурулган мелдешке мектеп окуучулары, жергиликтүү спортчулар катышышты. Жеңүүчүлөргө РИИБдин ардак грамоталары, кубоктор, байгелүү орунду алгандарга баалуу белектер тапшырылды.

Жаштарды достукка чакырган спорттук мелдеш Аксы РИИБи тарабынан да уюштурулуп, Н.Мамбетов орто мектебинде окуучулар спорттун волейбол түрүнөн күч сынашышты. Оюндар кызуу өткөрүлүп, жеңүүчүлөргө кызыктыруучу белектер ыйгарылды.

Спорттук иш-чаралардын жүрүшүндө милиция кызматкерлери жаштарды кылмыштуулуктан жана ар түрдүү кырсыктардан алыс болууга үндөштү. Ошондой эле улуттар аралык ынтымакты бекемдөө, зордук-зомбулуктун алдын алуу багытында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

 

821