7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Улукбек Марипов Жалал-Абад шаарындагы социалдык комплекстин курулушу менен таанышты

385

Премьер-министр Улукбек Марипов «Ассанабил» эл аралык кайрымдуулук фонду тарабынан курулуп жаткан Жалал-Абад шаарындагы «Бахрейн» социалдык комплексинин курулушунун жүрүшү менен таанышты.

Бул тууралуу өкмөттөн кабарлашты.

«Биздин өлкөдө жөн гана турак үйлөр салынбастан, ушул сыяктуу комплекстердин салынып жатканы кубандырат. Комплекс калктын социалдык аярлуу катмарына эсептелгенин өзүнчө белгилеп кетким келет. Курулуш аяктаган соң чындыгында муктаж болгон жарандар үйлүү болушат деп ишенем. Өкмөт өз тарабынан Жалал-Абад шаарынын мэриясы аркылуу инфратүзүмдүк суроолорду чечүүгө бардык зарыл жардамын көрсөтөт», — деген Марипов.

Аянты 1,5 гектар болгон анча чоң эмес шаарчада 6 көп кабаттуу үйдүн, медициналык жана маданий борборлордун курулушу пландалууда. Комплексте ошондой эле мектеп, тигүүчү цех, спорттук зал, бала бакча жана башка социалдык объектилер болот. Курулуш жана жасалгалоо иштерине бир жылга жакын убакыт каралууда.

Белгилей кетүүчү нерсе, курулуш аяктагандан кийин социалдык объект толук бойдон Жалал-Абад шаарынын мэриясынын балансына өтөт.

386