12-март күнү саат 09:00дөн 18:00гө чейин Достоевский, Анкара, Ауэзов көчөлөрү жана темир жол менен чектешкен аймакта, ошондой эле Алтын-Ордо, Кара-Жыгач жана Полиция шаарчасы конуштарында суу берүү токтотулат.
Суу «Контррезервуар» суу топтомосунда жана шаардык суу түтүк тармактарында оңдоо иштерине байланыштуу өчүрүлөт.
Бишкек мэриясы тургундардан алдын ала ичүүчү сууну камдап алууну суранды.



