12 млн долларлык Ми-8МТВ тик учагы Кыргызстанга келет. Бул тууралуу министрлер кабинетинин жыйынтыктоочу жыйынында өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев билдирди.
“Өрт учурунда заманбап технологиябыз өзүнүн кызматын көрсөттү. Бүгүнкү күндө эки ири долбоор ишке ашууда. Орточо баасы 120 миң долларлык 140 өрт өчүрүүчү унаа февраль айына чейин келет жана орточо баасы 12 млн долларлык Ми-8МТВ тик учагы өлкөгө келгени турат. Булардын баары кайтарымсыз гранттык жардамдын негизинде келет”, — деди ал.
Буга чейин Кыргызстан Кытай жана Россиядан 140 өрт өчүрүүчү унаа алары айтылып, анын 95и өлкөгө келген.