7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров: «Эң негизги милдетибиз- экономикалык ыкчам өсүшкө жетишүү»

426

Президент Садыр Жапаровдун жетекчилиги алдында бүгүн, 28-декабрда, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Натыйжалуу мамлекеттик башкаруу — социалдык-экономикалык өнүгүүнүн негизи» аталышындагы жыйынтыктоочу жыйыны болуп өттү.

Өз сөзүндө Мамлекет башчысы төмөнкүлөрдү белгиледи: «Урматтуу жыйындын катышуучулары!

Өзүңүздөргө маалым болгондой, өткөн жылы менин Жарлыгым менен 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасы кабыл алынган. Бүгүнкү жыйынды мен жалпы кыргызстандыктардын алдында аткаруу бийлигинин бир жыл ичинде жасаган иштеринин жыйынтыктары тууралуу отчёту деп эсептеймин. Муну биз адатка айландырып, жыл сайын элибиздин алдында кеңири отчёт берип турушубуз керек.

2022-жылы дүйнө жүзүндө, анын ичинде биздин өлкөдө дагы бир топ маанилүү ири окуялар орун алды. Бүгүнкү күндө дүйнө өзүнүн тарыхый өнүгүүсүнүн татаал этабын баштан кечирүүдө, глобалдык өзгөрүүлөрдүн фазасына кирүүдөбүз. Батыштан Чыгышка карай цивилизациялык бурулуш жүрүп жатат. Экономикалык тартылуу борбору Азия континентине жылууда. Ал эми жыл ичинде ар кандай чакырыктар жана сыноолорго карабастан, мамлекетибиз кандай натыйжалуу ийгиликтерге жетише алды, деп айта алам. Жалпысынан, биз үчүн экономикалык ыкчам өсүштү камсыздоо эң биринчи милдеттердин бири болуп саналат. Ага жетишүү үчүн, эң ириде мамлекеттик башкаруу системасын модернизациялап, ашкере бюрократиялык жосундардан арылтуу, санариптик жана инновациялык технологияларды жигердүү киргизүү зарыл. Дүйнөлүк санарип жана нанотехнологиянын агымына активдүү аралашууга басым жасап жатабыз. Биз бардык көйгөйлөрдү көрүп, угуп-билип, тиешелүү чараларды, чечимдерди ыкчам түрдө кабыл алышыбыз керек. Бул чечимдер калкыбыздын жашоо сапатын бир топ жакшыртууга, дүйнөлүк ири инвесторлорду тартуу мүмкүнчүлүктөрүн арттырууга, натыйжада Кыргыз Республикасынын экономикасынын алдыга озуп чыгуусуна мүмкүндүк берет деп ишенем.

Өз кезегинде өнүккөн экономика — мамлекеттүүлүктүн жана эгемендүүлүктүн бекем кепилдиги!

Ал эми мамлекеттүүлүктүн пайдубалын бекемдөө — эл кызматында болгон мамлекеттик кызматкерлерден, сиздерден көз каранды, тагыраак айтканда, тагылган милдеттерди жоопкерчилик менен өтөп, так жана профессионалдык деңгээлде аткаруудан көз каранды.

Эми, Кыргыз Республикасында социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кыскача токтоло кетейин.  Улуттук статкомитеттин маалыматы боюнча, 2022-жылдын январь–ноябрь айларынын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын ички дүң продукциясы 781,4 миллиард сомду түзүп, жети пайызга өсүш камсыздалды.

Фискалдык саясатты күчөтүүнүн негизинде, кирешелерди арттыруунун мүмкүнчүлүктөрү пайда болду. Каржы министрлигинин алдын ала маалыматы боюнча,  консолидацияланган бюджеттин көрсөткүчүн   400 млрд сомдон ашырып жаап жатабыз. Кийинки жылы болсо, билесиздер, 500 млрд сомдон жогору болот, деген амбициялуу максат койгонбуз.

Бул максатты ишке ашыруу жалпыбыздан бирдиктүү жана ар бириңиздерден натыйжалуу ишти талап кылат.

Өлкө казынасынын көлөмүнүн көбөйүшүнүн негизинде 2020-жылдын октябрынан тартып бүгүнкү күнгө чейин республикалык бюджеттин эсебинен гана эки жүздөй социалдык объектинин курулуштары, оңдоп-түзөө иштери бүткөрүлдү. 2022-жылы мамлекеттик инвестициялык каражаттардын өздөштүрүлүшү 32,2 млрд сомду, же алгач бекитилген бюджеттин 90,3 пайызды, такталган бюджеттке салыштырмалуу 95,7 пайызды түздү. Бул көрсөткүч акыркы 8 жылдагы мамлекеттик инвестициялардын аткарылышындагы эң жогорку көрсөткүчү катары катталууда. Өткөн жылдарга салыштырсак, 2013-2021-жылдарда мамлекеттик инвестициялардын өздөштүрүлүшү орто эсеп менен бекитилген бюджеттин 68 пайызын гана түзчү.

Он жылдын ичинде мамлекеттик инвестициялардын номиналдык көлөмү эки эсеге көбөйдү — 2013-жылдагы 17,4 миллиард сомдон 2022-жылы 32,2 миллиард сомго чейин, же болжолдонгон 2022-жылдын ички дүң продукциясынын 4 пайызын, 2022-жылдагы республикалык бюджеттин чыгашаларынын 17,2 пайызын  түздү.

2022-жылы бүткүл портфелдин деңгээлинде жакшы көрсөткүчтөр байкалуусуна карабастан, бир катар долбоорлордун ишке ашырылуусу басаңдап, артта калып жатат.

2022-жылдын мамлекеттик инвестициялардын бекитилген бюджетинен каражаттар толук өздөштүрүлбөй, аткаруусу 0 пайызды түзгөн долбоорлор бир катар мамлекеттик органдарда бар:

— Финансы министрлиги

— Айыл чарба министрлиги

— Энергетика министрлиги

— Экономика министрлиги,

— Мамлекеттик курулуш агенттиги,

— Саламаттыкты сактоо министрлиги,

— Суу ресурстар кызматы

— Салык кызматы,

—   Улуттук статистика комитети

— Кант шаарынын мэриясы

— Кара-Суу шаарынын мэриясы

— Каракол шаарынын мэриясы.

Мамлекеттик инвестициялар түздөн-түз мамлекеттик карыз менен байланыштуу. Азыркы учурда элде кредиттик жана гранттык каражаттар натыйжасыз иштетилип жатат деген пикир бар. Ошондуктан, Акылбек Усенбекович, даяр акчаны иштетип, натыйжа бере албаган жетекчилерге чечкиндүү чаралар көрүлүшү керек!

Эмгек акылар боюнча. 2022-жылдын январь–октябрь айларында орточо айлык эмгек акысынын өсүү темпинин өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу жогорулашы экономикалык ишмердиктин бардык түрдөгү ишканаларында жана уюмдарында байкалды. Мисалы, искусство жана эс алуу тармагында — 65,7 пайызга, саламаттыкты сактоо жана калкты социалдык жактан тейлөө тармагында — 52,2 пайызга, билим берүү тармагында — 43,5 пайызга, мамлекеттик башкаруу жана коргоо; милдеттүү социалдык камсыздоо — 28,1 пайызга,  кесиптик, илимий жана техникалык ишмердик тармагында  — 25,9 пайызга, пайдалуу кендерди казуу тармагында —  23,7 пайызга, мейманканалар жана ресторандардын ишмердиги — 22,7 пайызга, ошондой эле курулуш чөйрөлөрүндө 21,1 пайызга жогорулоо байкалды. Салыктык жана бажылык башкарууну санариптештирүү 2022-жылы кирешенин жогорку көрсөткүчтөрүн камсыз кылды жана орто мөөнөттүү келечекте бюджеттин киреше бөлүгүн толтурууга көмөк көрсөттү. Эми сөздүн нугун билим берүү тармагына бурсам. Бул тармакта олуттуу өзгөрүүлөр башталды. Билим берүүнүн стандарттары кайрадан каралып чыкты. Мектеп директорлорун ротациялоо боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүп, ондогон жылдар бою бир орунда отурган бир топ директорлор алмашты. Кошумча каржы булактары табылып, мугалимдердин эмгек акылары сезилээрлик деңгээлде көтөрүлдү. Бул алардын шыктануусуна, жигердүү иштешине дем-күч берди десем жаңылышпайм.

Замандын талабына ылайык, мамлекет илим тармагын өнүктүрүү үчүн билим берген жаңыча ыкмаларын иштеп чыгуу процессине өзгөчө көңүл бура баштады. Илим менен инновациялык өндүрүш тыгыз байланышта болуп, экономикада атаандаштык олуттуу орунду ээлеши керек!

Ушуга байланыштуу „Кыргыз Республикасынын жогорку кесиптик билим берүүсүнүн билим берүү уюмдарынын потенциалын жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө“ Жарлыгым чыккан эле. Жарлыкка ылайык өлкөнүн беш университети уюштуруучулук, каржылык, академиялык кеңири мүмкүнчүлүктөрдү камсыздашы каралган өзгөчө макамга ээ болушту. Демек, ал окуу жайларынын тез арада инновацияга жана атаандаштыкка татыктуу ири илимий борборлорго айлануусу шарт!

Стратегиялык өнөктөштөрүбүз, тарапташтарыбыз жана дос өлкөлөр менен өз ара кызматташууну жолго коюуда бир топ натыйжаларга жетишип, карым-катышты жакшырткандан сырткары, эл аралык иш-чараларга активдүү катышып, дүйнөлүк коомчулуктун, донорлордун жана финансы институттарынын көңүлүн Кыргызстанга бура алдык.

Натыйжада, бюджетибизди арттырууга багытталган иш-аракеттерибиз оңунан чыгып, чыныгы аракеттер жасалса, кыялдар орундала тургандыгын көрсөтө алдык. Ар кандай себептер менен көптөгөн жылдар бою ишке ашпай келген ири долбоорлорду биздин команда ишке ашырды. Албетте, „Кумтөрдүн“ мамлекетибиздин менчигине, элдин энчисине кайтарылышы ири жеңиш болду. Мындан ары маанилүү болгон кен-байлыктарыбызды республикабыздын өнүгүүсү үчүн мамлекет өзү иштетет. Албетте, алардан түшкөн кирешелер жалпы элдин керегине, муктаждыгына жана стратегиялык долбоорлорго жумшалат. Кен-байлыктарыбызды иштетүүдө сөзсүз түрдө мамлекеттин үлүшү болушун шарттаган укуктук-ченемдик актылар дагы кабыл алынды.  Мындан сырткары, „Камбар-Ата-1“ ГЭСи жана деңизге чыгуу мүмкүнчүлүгүн жараткан „Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан“ темир жолунун курулушу боюнча ири долбоорлордун ишке ашырыла башташы — айкын мисал. Гидро потенциалга ээ болуп турганда электр энергиясын импорттоону кескин түрдө кыскартуубуз керек. Жараткан тартуулаган суу ресурстарын туура пайдаланып, электр кубатын өндүрүүнү жогорулатып, элибизди арзан электроэнергиясы менен камсыз кылууга милдеттүүбүз. Кыргыз энергетикасынын келечектеги флагманы болгон „Камбар-Ата-1“ ГЭСинин курулуш иштеринин башталышы — өлкөнүн энергетикалык көз карандысыздыгын камсыздоого жол ачат. Кийинки жылдары экспорттук тизмеге электр энергиясын дагы кошууга жетишүүбүз керек, деген аруу тилегибиз бар!

Урматтуу мекендештер!

Кыргызстан — бай өлкө! Не деген интеллектуалдуу, жогорку компетенттүү инсандарыбыз бар. Керемет жерибиз, кен-байлыктарыбыз жана түзүлүп жаткан экономикалык шарттар ар бир жарандын бакубат жашоосуна мүмкүндүк берет. Адамдык капитал — баалуу ресурс, ансыз өлкөнүн өнүгүшүн элестетүү мүмкүн эмес. Биздин ар бир жараныбыздын уникалдуу потенциалы алдыдагы бийиктиктерди багынтууга мүмкүндүк берет.

Ушуга байланыштуу Министрлер Кабинетине экономиканын креативдүү секторун артыкчылыктуу багыт катары өнүктүрүүгө басым жасап, креативдүү индустриялар сегментинин пайда болушуна өбөлгө түзүү тапшырмасы берилген. Анткени, Кыргызстан жаратуучулардын өлкөсүнө — Борбордук Азиядагы креативдүү индустриянын борборуна айланат!

Креативдүүлүктүн доору менен катар, бүгүнкү күндө улуттук нарк-насил, баалуулуктар жаңы технология, экономикалык реформалар айкалышканда гана өлкөдө өнүгүү болооруна, күчтүү улут түптөлөөрүн айрым чыгыш элдери далилдешти! Демек, биз өлкөбүздүн жана кийинки муундун келечеги үчүн татыктуу позицияны камсыз кылууда Кыргызстандын экономикасынын тездик менен өсүшүн ойлонууну, пландаштырууну үйрөнүшүбүз керек.

Кийинки олуттуу маселе — чек ара маселеси. Чек ара толук чечилмейин, мамлекетибиздин бүтүндүгүнө коркунуч келе берет. Тилекке каршы, соӊку окуялар айтылгандарга күбө. Дал ушундан улам, бүгүнкү күндө коңшу үч өлкө менен чек ара маселелерин тактап алдык. Тажикстан менен болгон чек араны тынчтык жолу жана дипломатиялык сүйлөшүүлөр аркылуу тактоо үчүн болгон күч-аракетибизди жумшап жатабыз.

Өзүңүздөр билгендей, эгемендүүлүк жылдарынан бери чечилбей келген чек ара маселесин кийинкиге калтырбай, кечеңдетпей чечүүнү, ата-бабалардан мураска калган ыйык жерибизди келечек муунга кемитпей өткөрүп берүүнү — эң башкы максатыбыз жана милдетибиз деп эсептейбиз!

Учурда дүйнө жүзүндө климаттын өзгөрүшү жана экологиялык тобокелдиктер чоң көйгөйлөрдү жаратып жатат.

Ошондуктан, биздин алдыбызда дагы жашыл экономиканы өнүктүрүү, жашылдандыруу процесстерин тездетүү үчүн жаңы, заманбап технологияларды тезинен ишке киргизүү милдети турат. Энергиянын кайра жаралуучу булактарына, электромобилдерге өтүү — замандын талабы. Анткени, жыл өткөн сайын калк санынын өсүшү менен, тилекке каршы, таштандынын көлөмү дагы өсүүдө. Ушундан улам, жаратылышты сактап калуу, абанын, агын суулардын булганышын алдын алуу, ресурстардын натыйжалуулугун арттыруу, ошондой эле каражатты үнөмдөө максатында таштандылардын басымдуу бөлүгүн тез арада кайра иштетүү муктаждыгы жаралууда.

Быйыл „Жашыл Мурас“ улуттук өнөктүгүн баштаган элек. Биздин өлкөдөй тоолуу региондун экосистемасын, мөңгүлөрүн сактап калуу үчүн бак-дарактарды отургузуу, жашылдандыруу иш-аракеттери — олуттуу демилге болуп саналат. Ар бир жаран өз жоопкерчилигин түшүнүп, жаратылышты сактоону жана коргоону атуулдук милдети катары кабыл алуусу милдеттүү.

„Манас“ эпосу — кыргыз элинин улуттук байлыгы, оозеки элдик чыгармачылыктын теңдешсиз эстелиги, дүйнөлүк элдик поэзиянын шедеври болуп саналат. Элибиз байыртадан Айкөл Манастын Улуу Рухун урпактардан урпактарга өткөрүп, табериктей сактап келе жатат. „Манас“ эпосун кеңири жайылтуу максатында манасчыларыбызды мамлекет камкордукка алып, алардын башын бириктирип, „Манас“ театрын ачууга жетиштик. Ошондой эле, чет өлкөлөрдө Кыргызстандын Маданият күндөрүн өткөрүп, кыргыз маданиятын даңазалай баштадык.

Кыргыз жараны жөнүндө сөз. Кыргызстанда жашаган ар бир жаран үчүн кыргызстандык экендигине сыймыктана турган шартты түзүү — мезгилдин талабы.

Кыргыз жараны — бул сөз кунун бийик баалап, дилинде айкөлдүк сапат уюган, кең пейил, аруулукка, улуулукка, сулуулукка баа берген, айлана-чөйрөгө ата-бабалар сыяктуу аяр мамиле кылган жаран. Кыргыз жараны — Ата Журтту, ар-намысты ыйык тутуп, ыйман-ынсап гана береке-кут алып келээрин терең түшүнгөн, керт башынан оболу эл-жерин ойлогон, жумурай журттун алдында атуулдук жоопкерчилигин сезе билген  жаран деп эсептейм.

Өлкөбүздө жашаган жүздөн ашык этностун ортосундагы мамилени бекемдөө жана жарандык ынтымакты өнүктүрүү үчүн „Кыргыз жараны“ концепциясы кабыл алынган. Концепцияга ылайык, Кыргыз Республикасында мамлекеттик тил бардык жарандарды бириктирүүгө негизги өбөлгө болуусу зарыл. Кыргыз жарандары кыргыз тилинде сүйлөй алгандай, жаза алгандай, ойлоно алгандай шарт түзүшүбүз керек. Биз өзүбүз кайдыгер мамиле кылсак, мамлекеттик тил эч качан өнүкпөйт!

»Өнөр алды — кызыл тил« дейт элибизде. Мамлекеттин туруктуу өнүгүшү, улуттун улут болуп сакталып калышы үчүн Мамлекеттик тилдин өзгөчө орунду ээлери курулай сөз жүзүндө калып, кагаз бетиндеги макала-баяндамаларда эле айтылып, иш жүзүндө ага көңүл бурулбай келе жаткандыгы ачуу чындык! Бул багытта чечилбеген маселелер абдан көп.

2022-жылга карата мамлекеттик тилде иш-кагаздарын жүгүртүү боюнча Infodocs системасы аркылуу айрым министрликтердин жана ведомстволордун статистикалык көрсөткүчтөрү мени канааттандырган жок. Мисалы:

−             Экономика жана коммерция министрлиги — 13 эле пайыз.

−             Санариптик өнүгүү министрлиги — 12 пайыз.

−             Юстиция министрлигинде — 13 пайыз.

−             Энергетика министрлигинде — 17 пайыз.

Бул көрсөткүчтөр 50 пайыздан кем болбош керек!

Кыргыз Республикасы эгемендүүлүккө ээ болгон күндөн тартып этностук тегине карабастан ар бир жарандын дин тутуу эркиндигин сыйлап, мамлекеттик башкарууга дин аралашпаган светтик принцибин сактап келе жатат.

Дин тутуу эркиндиги Конституция менен кепилденген. Диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын натыйжалуулугу бардык конфессияларга бирдей шарттарды түзүп берүү менен ишке ашат. Бирок ошол эле учурда элибиздин салттуу диний жана руханий баалуулуктарына да көңүл буруу зарыл. Бул баалуулуктар элибизди сабырдуулукка, кайрымдуулукка, ынтымакка, адеп-ахлакка үндөп, коомубузда адам укугун жана дин тутуу эркиндигин калыптандырууга чакырат.

Бул багытта биз атайын 2021-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын Концепциясын бекиттик.

Мамлекеттик органдардын диний уюмдар менен өз ара кызматташуусун арттыруу зарыл. Бул боюнча биздин дин кызматынын өкүлдөрү ысырапкорчулукка каршы күрөшүү боюнча жакшы кызматташып жатышат. Бирок ошол эле учурда айрым аткаминерлер өздөрү элге үлгү болгондун ордуна, ашыкча чыгымдарды жасап келген фактылар бар. Бул маселеге дагы көңүлүңүздөрдү бургум келет. Элден „ысырапкорчулукту токтоткула“ деп талап кылуудан мурун, чиновниктер карапайым калкка үлгү болушу керек»,- деди президент.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

427