7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент: «Даяр акчаны иштетип, натыйжа бере албаган жетекчилерге чечкиндүү чаралар көрүлүшү керек!»

446

Президент Садыр Жапаровдун жетекчилиги алдында бүгүн, 28-декабрда, Министрлер кабинетинин «Натыйжалуу мамлекеттик башкаруу — социалдык-экономикалык өнүгүүнүн негизи» аталышындагы жыйынтыктоочу жыйыны болуп өттү.

«Он жылдын ичинде мамлекеттик инвестициялардын номиналдык көлөмү эки эсеге көбөйдү — 2013-жылдагы 17,4 миллиард сомдон 2022-жылы 32,2 миллиард сомго чейин, же болжолдонгон 2022-жылдын ички дүң продукциясынын 4 пайызын, 2022-жылдагы республикалык бюджеттин чыгашаларынын 17,2 пайызын  түздү.

2022-жылы бүткүл портфелдин деңгээлинде жакшы көрсөткүчтөр байкалуусуна карабастан, бир катар долбоорлордун ишке ашырылуусу басаңдап, артта калып жатат.

2022-жылдын мамлекеттик инвестициялардын бекитилген бюджетинен каражаттар толук өздөштүрүлбөй, аткаруусу 0 пайызды түзгөн долбоорлор бир катар мамлекеттик органдарда бар:

— Финансы министрлиги

— Айыл чарба министрлиги

— Энергетика министрлиги

— Экономика министрлиги,

— Мамлекеттик курулуш агенттиги,

— Саламаттыкты сактоо министрлиги,

— Суу ресурстар кызматы

— Салык кызматы,

—   Улуттук статистика комитети

— Кант шаарынын мэриясы

— Кара-Суу шаарынын мэриясы

— Каракол шаарынын мэриясы.

Мамлекеттик инвестициялар түздөн-түз мамлекеттик карыз менен байланыштуу. Азыркы учурда элде кредиттик жана гранттык каражаттар натыйжасыз иштетилип жатат деген пикир бар. Ошондуктан, Акылбек Усенбекович, даяр акчаны иштетип, натыйжа бере албаган жетекчилерге чечкиндүү чаралар көрүлүшү керек!»,- деди президент.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

447