7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров: «Билим берүү тармагында олуттуу өзгөрүүлөр башталды»

486

Президент Садыр Жапаровдун жетекчилиги алдында бүгүн, 28-декабрда, Министрлер кабинетинин «Натыйжалуу мамлекеттик башкаруу — социалдык-экономикалык өнүгүүнүн негизи» аталышындагы жыйынтыктоочу жыйыны болуп өттү.

Өлкө башчы Билим берүү тармагында олуттуу өзгөрүүлөр болгонун белгиледи.

«Бул тармакта олуттуу өзгөрүүлөр башталды. Билим берүүнүн стандарттары кайрадан каралып чыкты. Мектеп директорлорун ротациялоо боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүп, ондогон жылдар бою бир орунда отурган бир топ директорлор алмашты. Кошумча каржы булактары табылып, мугалимдердин эмгек акылары сезилээрлик деңгээлде көтөрүлдү. Бул алардын шыктануусуна, жигердүү иштешине дем-күч берди десем жаңылышпайм. Замандын талабына ылайык, мамлекет илим тармагын өнүктүрүү үчүн билим берген жаңыча ыкмаларын иштеп чыгуу процессине өзгөчө көңүл бура баштады. Илим менен инновациялык өндүрүш тыгыз байланышта болуп, экономикада атаандаштык олуттуу орунду ээлеши керек! Ушуга байланыштуу „Кыргыз Республикасынын жогорку кесиптик билим берүүсүнүн билим берүү уюмдарынын потенциалын жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө“ Жарлыгым чыккан эле. Жарлыкка ылайык өлкөнүн беш университети уюштуруучулук, каржылык, академиялык кеңири мүмкүнчүлүктөрдү камсыздашы каралган өзгөчө макамга ээ болушту. Демек, ал окуу жайларынын тез арада инновацияга жана атаандаштыкка татыктуу ири илимий борборлорго айлануусу шарт!»,- деди президент.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

487