7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент иш кагаздарын кыргыз тилинде даярдабаган мекемелерди сындады

447

Президент Садыр Жапаровдун жетекчилиги алдында бүгүн, 28-декабрда, Министрлер кабинетинин «Натыйжалуу мамлекеттик башкаруу — социалдык-экономикалык өнүгүүнүн негизи» аталышындагы жыйынтыктоочу жыйыны болуп өттү.

«Өнөр алды — кызыл тил« дейт элибизде. Мамлекеттин туруктуу өнүгүшү, улуттун улут болуп сакталып калышы үчүн Мамлекеттик тилдин өзгөчө орунду ээлери курулай сөз жүзүндө калып, кагаз бетиндеги макала-баяндамаларда эле айтылып, иш жүзүндө ага көңүл бурулбай келе жаткандыгы ачуу чындык! Бул багытта чечилбеген маселелер абдан көп.

2022-жылга карата мамлекеттик тилде иш-кагаздарын жүгүртүү боюнча Infodocs системасы аркылуу айрым министрликтердин жана ведомстволордун статистикалык көрсөткүчтөрү мени канааттандырган жок. Мисалы:

−             Экономика жана коммерция министрлиги — 13 эле пайыз.

−             Санариптик өнүгүү министрлиги — 12 пайыз.

−             Юстиция министрлигинде — 13 пайыз.

−             Энергетика министрлигинде — 17 пайыз.

Бул көрсөткүчтөр 50 пайыздан кем болбош керек!

Кыргыз Республикасы эгемендүүлүккө ээ болгон күндөн тартып этностук тегине карабастан ар бир жарандын дин тутуу эркиндигин сыйлап, мамлекеттик башкарууга дин аралашпаган светтик принцибин сактап келе жатат.

Дин тутуу эркиндиги Конституция менен кепилденген. Диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын натыйжалуулугу бардык конфессияларга бирдей шарттарды түзүп берүү менен ишке ашат. Бирок ошол эле учурда элибиздин салттуу диний жана руханий баалуулуктарына да көңүл буруу зарыл. Бул баалуулуктар элибизди сабырдуулукка, кайрымдуулукка, ынтымакка, адеп-ахлакка үндөп, коомубузда адам укугун жана дин тутуу эркиндигин калыптандырууга чакырат.

Бул багытта биз атайын 2021-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын Концепциясын бекиттик.

Мамлекеттик органдардын диний уюмдар менен өз ара кызматташуусун арттыруу зарыл. Бул боюнча биздин дин кызматынын өкүлдөрү ысырапкорчулукка каршы күрөшүү боюнча жакшы кызматташып жатышат. Бирок ошол эле учурда айрым аткаминерлер өздөрү элге үлгү болгондун ордуна, ашыкча чыгымдарды жасап келген фактылар бар. Бул маселеге дагы көңүлүңүздөрдү бургум келет. Элден „ысырапкорчулукту токтоткула“ деп талап кылуудан мурун, чиновниктер карапайым калкка үлгү болушу керек»,- деди президент.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

448