7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Эң мыкты айыл өкмөтү» жалпы мамлекеттик сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланышты

556

Бүгүн, 28-декабрда, Президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында өткөн Министрлер Кабинетинин жыйынында «Эң мыкты айыл өкмөтү» наамы боюнча жалпы мамлекеттик сынактын жеңүүчүлөрү сыйланды.

Жеңүүчүлөрдүн биринчи тобунун арасында өлкөнүн жетүүгө кыйын жана алыскы аймактарында жайгашкан төмөнкү айыл өкмөттөр бар:
— 1 500 000 сом байге фонду менен I орун — Баткен облусунун Баткен районунун Ак-Сай айыл өкмөтү;
— 1 000 000 сом байге фонду менен II орун — Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Тогуз-Торо айыл өкмөтү;
— 500 000 сом байге фонду менен III орун — Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Баетов айыл өкмөтү;
экинчи топтун арасында:
— 1 500 000 сом байге фонду менен I орун — Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Чоң-Сары-Ой айыл өкмөтү;
— 1 000 000 сом байге фонду менен II орун — Ош облусунун Өзгөн районундагы Жылалды айыл өкмөтү;
— 500 000 сом байге фонду менен III орун — Чүй облусунун Аламүдүн районунун Аламүдүн айыл өкмөтү.

Жеңүүчүлөр Мамлекет башчысынын колунан сертификаттарды алышты.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

557