Челябинскте кыргызстандык үй-бүлө жол кырсыгына кабылды. Жеңил унаанын ичинде бир үй-бүлөнүн алты мүчөсү болгон. Бул тууралуу ТИМден билдиришти.
Маалыматка ылайык, Челябинск облусунун Златоуст шаарына жакын жердеги М-5 трассасында Кыргызстандын жараны К.Ш.,нын башкаруусундагы «Рено Логан» автоунаасы карама-каршы тилкеге чыгып, оор жүк ташуучу «Вольво» унаасын сүзгөн. Жол кырсыгы 7-сентябрда болгондугу айтылат.
Жеңил унаанын ичинде ата-энеси жана алардын төрт баласы болгон. Алардын бардыгы Кыргызстандын жараны. Жолдошу жубайы жана балдары Ош шаарынан Уфага учуп келишкен. К.Ш. аттуу жаран үй-бүлөсүн Уфа шаарындагы аэропорттон тосуп алып, аталган автоунаа менен Нижневартовск шаарына бара жатышкан.
Кырсыктан жабыркаган кыргызстандыктар Златоустагы шаардык клиникалык ооруканага жеткирилип, 12 жаштагы кызына операция жасалган.
«Кыздын абалы оор. Башка үй-бүлө мүчөлөрүнүн абалы канааттандырарлык, бирок учурда алар аталган оорукананын травматология бөлүмүндө жатышат», — деп берилет билдирүүдө.
Аталган кырсык боюнча окуя Башкы консулдуктун көзөмөлүндө, оорукананын кызматкерлери менен үзгүлтүксүз байланыш түзүлгөн.