Араван районунда терминалдарды уурдап жүргѳн кылмыштуу топ кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 2-сентябрь күнү таңкы саат 03:00 чамасында Араван районунун Гулбар айылынын дүкөндөрдүн биринде жайгашкан «Нур телеком» жана » Скаймобайл» компанияларынын терминалдарын жана анын ичиндеги 105 400 сом акчаны белгисиз жарандар уурдап кетишкендиги боюнча Араван РИИБге арыз келип түшкөн.
Тергѳѳнүн жүрүшүндѳ бул кылмыштуу топ тарабынан Өзгѳн, Кара-Суу райондорунун жана Нарын облусунун аймагында терминалдарды талкалап, уурулук кылгандары белгилүү болгон.
Алар 22 жаштагы Б. уулу М., 27 жаштагы Т.С., 24 жаштагы Б.И., 23 жаштагы С. уулу Т., 22 жаштагы Д.К. аттуу жарандар болгон. Шектүүлѳр кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Аталган факты Араван РИИБдин кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 205-берененин (уурдоо) негизинде кылмыш иши козголгон.
Учурда тергѳѳ иштери улантылууда.