«Тез Джет» авиакомпаниясы Бишкек-Ош-Бишкек багыты боюнча кошумча үч каттам ачты. Бул тууралуу «Мана» Эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, буга чейин Ош шаарына жумасына 58 каттам аткарылып келген.
Белгилей кетсек, жүргүнчүлөрдү үч ата мекендик авиакомпания тейлеп келет – «Тез Джет», «Авиа Траффик Компани» жана «Аэро Номад Эйрлайнс».