7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жалал-Абадда атасына таарынган жигит өзүн-өзү атып салган

567

Жалал-Абадда атасы менен пикир келишпестик болуп, жигит өзүн-өзү ээгинин асты жагына бир жолу аткан. Бул тууралуу 7-каналга Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.

Маалыматка ылайык, ушул жылдын 31-август күнү Кара-Көл шаарынын 1995-жылы туулган М.Ш. өзү жашаган үйүндө атасы 1973-жылы туулган М.К. менен таарынышып кеткен.  Атасына таандык болгон ок атуучу куралды таап, ал менен өзүн-өзү атып салган.

Натыйжада М.Ш. денесинен оор жараат алып, Кара-Көл шаардык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.

Ал эми жогорудагы факты боюнча, атасы эч кимге эч кандай арыз дооматты жоктугун билдирип, арыз жазуудан жана соттук-медициналык экспертизадан баш тарткан.

Бул факты Кылмыштардын бирдиктүү реестиринин маалыматтык электрондук журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иши башталган.

Тергөө-ыкчам тобу окуя болгон жерге кароо жүргүзгөн учурда, атасына таандык сайсыз ок атуучу курал, колдонулган патрону жана ок атууга жарактуу болгон 14 (он төрт) даана патрондор, далил буюм катары алынып, экспертиза дайындалган.

Атасы үйүнө ремонт жасоо үчүн буюмдарды ташыш керек болуп, уулунан жардам сурап бөлмөсүнө кирген. Уулун мас абалда көрүп, «эмне үчүн спирт ичимдигин ичип алдын» деп тилдеген. Ошол учурда уулу жогорудагы ок атуучу курал менен өзүн-өзү атып салган.

Учурда текшерүү иштери улантылууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

568