Нарын облусуна караштуу Жумгал районунда эркек киши 6-класста окуган кызын сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге барууга мажбурлаган. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактары жазып чыгышууда.
Тергөөнүн жыйынтыгы боюнча, соттолуучу ушул жылдын 30-майында мас абалында үйүнө келип, төшөккө жатып кызына максым алып келүүнү буйруган. Ошол кезде кыз үй жумуштарын жасап, ашканада тамак-аш даярдап жүргөн. Ал максымды алып келгенден кийин, атасы аны колун тийгизип, курсагын жана көкүрөгүн сылоону суранган. Жашы жете элек кыз ашканада бош эмес экендигин айтканда, атасы үйдөн кууп чыгам деп коркутуп, ал анын атасы экендигин жана ал анын бардык талаптарын аткарышы керектигин айткан. Кыз качып кетүүгө үлгүргөн.
Соттук-медициналык экспертизанын корутундусуна ылайык, кыз жабыркаган эмес.
Соттолуучу өзү күнөөсүн жарым-жартылай гана мойнуна алды. Тергөө ишинин жүйөлөрүн четке кагып, эркек киши 30-майда үйүнө кайтып келип, этти жана шорпону убагында муздаткычка салбагандыгы үчүн кызын урушканын айткан. Буга кызы таарынган. Кийинчерээк кызын кечирим суроого чакырып, маңдайынан өпкөн. Ал чындыгында кызынан көкүрөгүн жана курсагын сылоону суранган. Кызын алдына отургуузуга аракет кылганда кыз качып кеткен. Сот 163 берененин негизинде “Сексуалдык мүнөздөгү иш-аракеттерди жасоого мажбурлоо” боюнчв күнөөлүү деп таап, 220 миң сом айып пул салынган.