12 жаштагы Алинур Туратбеков Каракол шаардык пляжынын жанындагы көлгө чөгүп бараткан үч аялдын өмүрүн сактап калды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Окуя 20-июль күнү кечинде, Алинур апасы жана карындаштары менен көл жээкте эс алып жүргөндө болгон. Жардам сураган үндөрдү уккан Алинур, толкунга туруштук бере албай, чөгүп баштаган аялга жардам берүү үчүн сууга секирип кирген. Ошол маалда эки аял чөгүп жаткан аялга жардам берүүгө аракет кылышкан. Бирок, көлдүн алдындагы оюктарга туш болушуп, кошо чөгүп башташкан.
Сууда сүзүү чеберчилигин жана эрктүүлүгүн көрсөтүп, Алинур чөгүп жаткан аялдарды биринин аркасынан бирин чыгарып, бардыгын жээкке жеткире алган.
Анын атасы менен апасы милиция кызматкерлери болуп эмгектенип келишет. Алинур самбо күрөшү менен машыгат.