Кыргызстан 65-Эл аралык математикалык олимпиадада (IMO) биринчи жолу командалык эсепте 122 упай топтоп, 108 мамлекеттин ичинен 29-орунду ээледи. Кыргызстандык окуучулар бир алтын медал, үч күмүш медал жана эки ардак грамотага ээ болгонун Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.
Биринчи орунду Бишкектеги №61 мектеп-лицейдин окуучусу Назар Киргизбаев ээледи. Күмүш медалды “Газпром Кыргызстан” мектебинин окуучусу Ян Бобрус, эл аралык UWIS мектебинде билим алган Элдар Искендер алды. Үч окуучуну тең мугалим Мамат Ишматов олимпиадага даярдаган. Дагы бир күмүш медалга Жайыл баатыр атындагы жалпы билим берүү лицейинин окуучусу Искен Кенжебаев ээ болду. Анын мугалими — Азамат Аскаров.
Ишматовдун дагы эки окуучусу — Нурсултан Эшперов менен Султан Мусахожаем Ардак грамота алышты.
Эл аралык математикалык олимпиада 11-12-июль күндөрү Улуу Британияда өтүп, 600дөн ашуун окуучу катышты.