Суусамыр суусуна балык уулоого чыккан кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМден билдирди.
Маалыматка ылайык, 21-июль күнү Чүй облусунун Жайыл районунда алдын ала маалымат боюнча, Суусамыр өрөөнүнүн Суусамыр суусуна балык уулоого чыккан 1981-жылы туулган С.М. аттуу эркек киши түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. 22-июль күнү издөө иштерин улантууга ӨКМдин 9 куткаруучусу анын 5и суучул, Жайыл райондук №22 ӨКБдан 5 куткаруучу 1 дрон жалпы 14 куткаруучу тартылган.
Издөө ишинин натыйжасында саат 13:30 чамасында аталган жарандын сөөгү куткаруучулар тарабынан суудан табылып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.