Токмокто 80 жаштагы карыя эки жашы жете элек кыздарды зордуктады деп шектелип, 12 жаштагы кыз кош бойлуу экендиги аныкталды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.
Маалыматка ылайык, ушул жылдын 19-декабрында милицияга 2010-жылы туулган кыздын 8 айлык боюнда бар экендиги тууралуу маалымат түшкөн. Аталган факт ошол күндөн баштап Токмок шаарынын ички иштер башкармалыгында катталып, тергөө амалдары жүрө баштаган.
Окуя боюнча милицияга кыздардын апасы кайрылган. 1942-жылы туулган жаран анын 2010 жана 2008-жылы туулган кыздары менен жыныстык катнашка барганын айтып, бир кызынын боюнда бар экендигин билдирген. Кыздар ушул жылдын жаз айларынан баштап, карыянын үйүндө үйүн жыйнап жүрүшкөн.
Аталган кылмыш боюнча Жазык кодексинин 154-беренеси (Зордуктоо) негизинде кылмыш иши козголгон.
Кылмыш иши боюнча бир катар соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, кылмыш ишинин бардык катышуучулары окуянын чоо-жайы боюнча суракка алынган.
Учурда кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.