7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

“Кумар оюндарын уюштуруу жана өткөрүү боюнча мыйзамсыз ишке бөгөт коюу чаралары жөнүндө” жарлыкка кол коюлду

766

“Кумар оюндарын уюштуруу жана өткөрүү боюнча мыйзамсыз ишке бөгөт коюу боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыкка кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Кумар оюндарын уюштуруу жана өткөрүү боюнча мыйзамсыз ишке бөгөт коюу боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыкка кол койду.

Кумар оюндарын уюштуруу жана өткөрүү боюнча мыйзамсыз ишке бөгөт коюу боюнча чаралар жөнүндө Жашыруун (легалдуу эмес) кумар оюндарын, анын ичинде оюн автоматтарын пайдалануу менен уюштуруу жана өткөрүү боюнча мыйзамсыз ишке бөгөт коюу, аларга окуучуларды, өспүрүмдөрдү жана жашы жете электерди тартууга өбөлгө түзгөн арттарды жоюу, мыйзамсыз кумар оюндарын уюштуруучуларынын жана катышуучуларынын жоопкерчилигин күчөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылам:

Кыргыз Республикасынын аймагында жашыруун (легалдуу эмес) кумар оюндарын, анын ичинде оюн автоматтарын пайдалануу менен уюштурууга жана өткөрүүгө, ошондой эле мыйзамда белгиленген тартипте берилген лицензиясы жок тотализаторлордун, букмекердик конторалардын ишине тыюу салынсын.

2023-жылдын 1-январынан тартып оюн автоматтарын

пайдалануу менен кумар оюндары мыйзамда белгиленген тартипте

ачылган казино жайларында гана өткөрүлөт деп белгиленсин. Оюн

автоматтарын соода борборлоруна, компьютердик клубдарга жана

башка жайларга, ошондой эле жайлардан тышкары жерлерге орнотууга

тыюу салынат.

3. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги:

– Кыргыз Республикасынын аймагында мыйзамсыз кумар

оюндарын, анын ичинде оюн автоматтарын пайдалануу менен

уюштурууну жана өткөрүүнү токтотуу жана болтурбоо боюнча иштерди

күчөтсүн;

– жашыруун (легалдуу эмес) кумар оюндарын өткөрүү үчүн

көмүскө жайларды күтүүгө жол бербөө жана бөгөт коюу, ошондой эле

мындай оюндарды уюштуруучулардын мыйзамсыз ишин токтотуу үчүн

таасирдүү контролду камсыз кылсын;

– мыйзамсыз оюн автоматтарынын залдарынын ишин, казинону

кошпогондо, компьютердик клубдарда, соода борборлорунда жана

башка жайларда, ошондой эле жайлардан тышкары жерлерде оюн

автоматтарын орнотууну токтотуу жана болтурбоо боюнча чараларды

көрсүн.

4. Кумар оюндарын мыйзамсыз уюштуруу жана өткөрүү

фактылары аныкталганда оюндарга таандык буюмдар, анын ичинде оюн

автоматтары, оюнда ставка жана байге болуп саналган баалуулуктар,

ошондой эле мындай оюндарга катышуунун натыйжасында алынган

башка кирешелер белгиленген тартипте алынууга жана мамлекеттин

кирешесине айландырылууга тийиш деп белгиленсин.

5. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, шаарлардын

мэриялары, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги,

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жана

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар

саясаты министрлиги:

 

– республиканын аймагында тыюу салынган кумар оюндарын

уюштуруу жана өткөрүү, ошондой эле аларга окуучуларды, өспүрүмдөрдү жана жашы жете электерди тартуу боюнча мыйзамсыз иштин алдын алуу боюнча туруктуу иштерди жүргүзсүн;

– кумар оюндарынын зыяндуулугу жөнүндө социалдык роликтерди тартсын жана жайылтсын.

6. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги кызыкдар министрликтер жана административдик ведомстволор менен биргеликте эки айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине төмөнкүлөрдү киргизсин:

 

– жашыруун (легалдуу эмес) кумар оюндарын өткөргөндүгү жана аларга жашы жете электерди тарткандыгы үчүн мыйзамсыз иштердин уюштуруучуларынын жана катышуучуларынын, ошондой эле жашыруун (легалдуу эмес) кумар оюндарын уюштурууга жана өткөрүүгө жайларды берген жактардын жоопкерчилигин күчөтүү жөнүндө мыйзамдын долбоорун;

– ушул Жарлыктан келип чыгуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө сунуштарды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

767