Өзбекстанда 12 жаштан жогорку балдарга ыктыярдуу түрдө COVID-19га каршы Pfizer вакцинасын алууга уруксат берилди.
Маалыматка ылайык, Өзбекстандын Саламаттык сактоо министрлиги 28-сентябрда клиникалык сыноо учурунда Pfizer вакцинасы 12-15 жаштагы балдар арасында жогорку натыйжалуулугун жана коопсуз экенин көрсөткөнүн маалымдаган.
Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму 12 жаштагы балдарга Pfizer вакцинасын алуу сунушун берген. 13-сентябрда Өзбекстанга Pfizer / BioNTech вакцинасынан 1 200 000 доза жеткирилген.
Эскерте кетсек, Өзбекстанда коронавируска каршы эмдөө быйыл 1-апрелде башталып, 4 283 645 адам толугу менен эмдөөдөн өттү.