Бүгүн, 29-сентябрда Бишкек шаары күз-кыш мезгилине даярдык боюнча атайын жыйын өткөрүп, тийиштүү жетекчилердин отчёттору угулду.
Ошону менен бирге, кышка даярдык иретинде аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө акчалай жардам берилгени айтылды.
Мэриянын алдындагы социалдык өнүктүрүү башкармалыгы берген маалыматка ылайык, 3672 үй-бүлөгө кышка даярдануунун алкагында көмүр алып берүүнүн ордуна 5000 сомдон жардам берилген.
Андан сырткары жалгыз жашаган пенсионерлерге жана майыптыгы бар 149 үй-бүлөгө жардам берүү үчүн каражат бөлүнгөн. Алардын ичинен шаар ичиндеги 107 жаранга 500 сомдон, шаар сыртындагы конуштардан 42 үй-бүлөгө 700 сомдон берилет.