«Улуттук энергохолдинг» ишканасы жалпы өлкө аймагындагы көчөдөгү көрнөк-жарнактардын, кафе-ресторан, дүкөн жана башка оюн-зоок, соода борборлорунун жарнактык жарыктарын өчүрүү тууралуу буйрук чыгарды. Бул тууралуу ишкананын басма сөз катчысы Азамат Курамаев билдирди.
Маалыматка ылайык, мындай чаралар электр энергиясын үнөмдөө максатында көрүлүп, атайын көзөмөлдөө боюнча тапшырмалар берилген.
Бул маалымат коомчулукту дүрбөлөңгө салып, суроолорду жаратты.
- Өлкөдө электр энергиясы көчөдөгү рекламанын жарыгына да жетпей турган, кризистик абалга жеттиби?
Улуттук Энергохолдинг башкармалыгынын төрагасы Талайбек Байгазиев буларга токтолду.