«УКМК Ош шаары жана Ош облусу боюнча Башкы башкармалыгы тарабынан мамлекеттик органдардагы коррупцияны жоюу боюнча жүргүзүлгөн узак мөөнөттүү иш-чаралардын жүрүшүндө, “Ош-аэропорт” көзөмөлдөп өткөрүү пунктунан УКМК Чек ара кызматынын кызматкерлеринин коррупциялык иштеринин туруктуу каналы аныкталды.Маалыматка ылайык, аталган көзөмөлдөп өткөрүү пунктунун кызмат адамдары кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, системалуу түрдө чет элдик жүргүнчүлөрдөн опузалап акча каражатын алып жүрүшкөндүгү аныкталды» -деп жазылат.
Ош аэропортунан чет элдиктерди опузалап акча алып жүргөн туруктуу канал аныкталды. Учурда “Ош-аэропорт” көзөмөлдөп өткөрүү пунктунун Чек ара кызматынын 20 кызматкеринин үстүнөн текшерүү иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу УКМКнын басма соз кызматы кабарлады.