7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президенттин Ош облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары алмашты

563

Курбанбек Айтибаев президенттин Ош облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Буга чейин бул кызматты ээлеген Шайлообек Козубаев башка кызматка которулгандыгына байланыштуу кызматын тапшырган.

Күн мурун жаңы дайындалган биринчи орун басарды президенттин иш башкармалыгынын уюштуруу маселелери жана региондор менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн мамлекеттик инспектору Белек Сакиев менен президенттин Ош облусундагы өкүлү Элчибек Жантаев эмгек жамаатына тааныштырды.

Буга чейин Айтибаев Ош облусунун Араван райондук жана Чүй облусунун Сокулук райондук мамлекеттик администрациясы башчысы — акими кызматтарын аркалап келген.

 

564