7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Россияда кыргыз таксистке карата кылмыш иши токтотулду

416

Орусияда кыргыз таксистке карата кылмыш иши токтотулду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Мекеме кыргыз жараны Айыпбек Латиповго консулдук-укуктук жардам көрсөтүлгөнүн белгилейт. Андан тышкары, Орусиянын ТИМине кылмыш ишин объективдүү жана ар тараптуу кароо өтүнүчү менен расмий Нота жөнөтүлгөн.

«Учурда кылмыш курамынын жоктугуна байланыштуу токтотулган», — дейт министрлик.

Белгилей кетсек, 24 жаштагы Айыпбек Латипов Украинадан согушка катышып келген 3 кишини таксиден түшүрүп, жеткирбей койгондугу боюнча видео социалдык тармакка жарыялангандан кийин 3-июнда кармалып, кайра бошотулган. Ага каршы кастыкты козутуу айыбы менен иш козголгону айтылган.

Кыргыз жаранынын айтымында, жүргүнчүлөр аны коркутуп, кол көтөрүп, жакынкы токойго карай айдатууга аракет кылышкандыктан ал унаасын токтотуп жардам чакырып, эч ким токтобогондуктан окуя болгон жерден кетип калууга аракетин көргөн.

Латиповдун жактоочусу орус медиасына берген маалыматында, таксинин жүргүнчүлөрүнүн аракетине юридикадык баа берилиши керектигин айткан.

 

417